super.kg logo

Шаар күнү жана Улуу Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт

 

Жарандардын коопсуздугу үчүн 29-апрель шаар күнүнө жана 9-Май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, Бишкек шаарында коронавирус пандемиясынын бардык мезгилинде катталган коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандардын саны 32 миң 649 түзүп, анын ичинде 20-апрелге карата 117 жаңы учур катталган.

"Урматтуу жарандар! Ар бириңизден санитардык нормаларды сактоону чын жүрөктөн суранабыз: беткап кийип, жеке гигиенаны бекемдеңиз, колуңузга антисептикти системалуу түрдө чачыңыз, эң башкысы коомдук жайларга барууну чектеңиз, аралыкты сактаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: