Бишкектин Жал кичи районундагы №72 мектептин жаңы окуу имаратынын курулушу башталды
Бишкектин Жал кичи районунун Курчатов көчөсүндөгү №72 мектептин жаңы окуу имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 225 орундуу кошумча имарат курулуп бүттү, учурда жыйынтыктоо иштери жүрүп жатат. Курулушту компаниялардын бири 37 миллион 176 миң 436 сомго жүргүзүүдө. Каражат коррупцияга каршы депозиттик эсептен бөлүнгөн.
"Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мектептин эски жана жаңы имараттарын бириктире турган өткөөл галереяны долбоорлоо жана изилдөө иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялоодо.
Жумуштар 2021-жылга карата "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча курулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык пландаштырылган. Долбоорлоо иштеринин сметалык баасы 235 миң 19 сомду түздү, каражат шаардык бюджеттен каралган", - деп билдиришти мэриядан.




1 |