Ат-Башы районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды






Нарын облусунун Ат-Башы районунда жаңы үлгүдөгү Калкты тейлөө борбору ишке кирип, салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордо жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү учурунда зарыл болгон банк, касса, дарек-маалымдама бюросу, сүрөт кызматы, ксерокөчүрмөлөө жана сурап-билүү кызматтары жайгаштырылган. Кайрылган жарандар зарыл болгон документтерди имараттан сыртка чыкпай туруп эле топтой алышат.
"Мындай заманбап тейлөө борборлору буга чейин Нарын шаарына жана Кочкор районуна ачылып, элге сапаттуу кызмат көрсөтүп келет.
Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышкан өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев аталган борбор акжолтой болуусун тилек кылып, бул жерде элибиз үчүн ар кайсы имараттарга барып убара болбой документтерин бир жерден бүтүрүп алуусуна жана калкты тейлөө толугу менен санарип форматында жүргүзүлгөндүктөн бюрократиялык, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи. Мындай шартты түзүп берген Мамлекеттик каттоо кызматына терең ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
Nur777

20.04.2021. 20:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кут болсун! Кыргызстандын баардык аймагында кобойсун мындай филиалдар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.