super.kg logo

Башкы прокуратура кылмыштуулуктун саны азайганын маалымдады

 
Өлкөдө былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны кыскарды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев билдиргенин мекемеден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, кылмыштуулук 24 миң 59га азайган. Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын башчысы оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу прокуратура органдарынын негизги милдети деп кошумчалады.
"Кылмыштуулуктун жалпы абалына токтолсом, республика боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 24 миң 59га азайган, 139 миң 490 (163 миң 549) сотко чейинки өндүрүшкө катталса, алардын ичинен 78 миң 254ү (87 миң 374) кылмыш жана 61 миң 236сы (76 миң 175) жоруктар.
Бул багытта прокурорлор тарабынан мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде, ведомстволор аралык ыкчам кеңешмелер уюштурулуп, өзгөчө татаалдыкты түзгөн жазык иштер боюнча тергөө топторун түзүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлүп, милдеттүү түрдө аткарылууга жаткан жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилип турду. Натыйжада өндүрүшкө алынган кылмыштардын бетин ачуу өткөн жылга салыштырмалуу өстү", - деди Зулушев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
20.04.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азайбай эле көбөйүп атат
20.04.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кармап эле чыгарып жатсанар азайатда)
20.04.2021. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыры карантин болгон
20.04.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актанбагыла,бул жакта эл карап,билип турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: