super.kg logo

Бишкекте дагы бир бейтап белгисиз затка ууланып, өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү

 

Бишкекте 63 жаштагы жаран белгисиз затка ууланып, өтө оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бейтап бүгүн, 20-апрелде "Тез жардам" кызматы менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

"1958-жылы туулган А.Д. аттуу бейтап өтө оор абалда ооруканага түштү. Анда алсыздык, жүрөк айлануу, кусуу жана жүрөктүн ишинин үзгүлтүккө учуроо белгилери болгон. Алдын ала "белгисиз зат менен уулануу" диагнозу коюлду. Бейтапка дароо реанимациялык иш-чаралар жүргүзүлүп, жүрөк жана дем алуу иш-аракеттери калыбына келтирилди. Учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда. Ууланууну аныктоо максатында лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөргө кан жана зааранын анализдери алынып, соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.04.2021. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйшон Абдылдаев экен, уу коргошун коп ичип алыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: