super.kg logo

Изделет! Чүйдө 17 жаштагы өспүрүм кыз 17 күндөн бери дайынсыз болууда

 

Чүй облусунда 17 жаштагы Динара Абденова 3-апрелден бери дайынсыз болуп изделүүдө. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, изделип жаткан кыз Маловодное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Динара Абденованын бою 165-170 сантиметр, орто салмакта, чачы кара, узун, көзү күрөң. Үйүнөн чыгып кеткен күнү кийип жүргөн кийимдери кара күрмө, кара юбка, көк түстөгү көйнөк, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.

Милиция кызматкерлери изделип жаткан Динара Абденова буга чейин дагы бир нече жолу үйүнөн качып кеткендигин маалымдайт.

"Алдын ала маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз Бишкектеги кафелердин биринде
кошумча каражат таап иштеп жүрөт. Сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо милиция кызматкерлерине кабарлап коюуну өтүнөбүз", - дешти мекемеден.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86,0708 89 13 14.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: