super.kg logo

Ош ШИИБи: "Өспүрүмдөр жарамазан айтууну тилемчиликтин жаӊы формасына айлантып алышты"

 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 4 күнгө созулуп, анда 77 өспүрүм түн ичинде кароосуз жүргөндүгү аныкталды.
Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кароосуз жүргөн балдардын ичинен 42 өспүрүмгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ал эми жакындары издеп келбеген 32 өспүрүм Оштогу балдардын реабилитациялоо борборуна жеткирилди. 3 бала-социалдык жактан коргоо кызматтарына өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары турмуштук оор шарттарда жашаганы аныкталган 24 баланы кароо үчүн Ош шаардык балдар комиссиясына тиешелүү кагаздар жөнөтүлдү.
"Рейддин жүрүшүндө көчөлөрдө түнкү саат 22:00дөн кийин дагы жарамазан айтып жүргөн балдар кармалып, аларга түшүндүрүү, коопсуздук чаралары боюнча эскертүүлөр берилди. Жарамазан айткан балдардын көбү жол бойлой өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, тамактануучу жайларга кирип, тамактанган адамдарга жолтоо болуп жатышат. Учурда жол бойлоп жарамазан айтуу тилемчилик кылуудан айырмасы болбой жатат. Жарамазандын тереӊ философиялык маанисине түшүнүшпөй, төрт сап менен жарамазан айтып жүрүшөт. Учурдан пайдаланып Ош ШИИБи жашы жете элек балдарды жарамазан айтып чыгуусуна тыюу салууну суранат", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: