"Даарат кагазга кетип жатса...". Караколдо адабий, илимий китептер макулатурага өткөрүлгөнүн окурман айтып чыкты



Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы макулатура ала турган жайлардын биринде илимий, адабий китептер кайра иштетүүгө жөнөтүлгөн. Бул туурасында Айбек Жапаров аттуу интернет колдонуучу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, сүрөттөр менен бөлүштү.
Китептердин макулатурага берилгенине кейиген окурман китептин 1 килограммы 8 сомдон сатылып жатканын белгиледи.
"21-кылым. Кандай китептер кайра иштетүүгө кетип жатат. Каракол шаарындагы макулатура ала турган жайлардын биринен уруксаты жок жашыруун тартып алдым. Азыркы заманда китеп окугандар жокко эсе окшойт деп ойлоп койдум. Бул китептер эмне деген мээнет менен жазылган. Балким, айрымдар китеп окуюн деп жетпей жүргөндүр. Китептерибиз ушинтип даарат кагазга кетип жатса биз караңгы эле эл окшойбуз. Китептин 1 килограммы болгону 8 сом экен. Китепканаларга китеп керек болсо ошол жактан карасаңар болот. Арасында энциклопедия дагы бар экен", - деп жазылат билдирүүдө.


