"Кардын бийиктиги 15 сантиметр". Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө



Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бийиктиги 15 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, учурда жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.
"Төө-Ашуу жана Ала-Бел, Өтмөк ашууларында кар жаап, жолчулар тарабынан инерттик материалдар жолго себилди. Учурда күн бүркөк.
Айдоочуларды сак болууга чакырабыз", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.