Маркум Мария Айтматованын сүрөттө калган элестери
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова кечээ, 20-апрель күнү 79 жашында коронавирус илдетинен каза болду. Ал өмүрүнүн акырына чейин Чыңгыз Айтматов фондунун төрайымы болуп келген. Көп жылдар бою "Кыргызфильм" киностудиясында иштеген сүрөтчү Александр Федоров Мария Айтматованын Чыңгыз Айтматов менен биргеликте түшкөн сүрөттөрү менен бөлүштү.
Бул сүрөттөр режиссёр Альгимантас Видугиристин 70 жылдык мааракесинде кино үйүндө тартылган. Ал жакка Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Айтматова менен биргеликте чакырылган эле.
Режиссёр Генадий Базаров Чыңгыз Айтматов тууралуу документалдык кино тартып жаткан. "Сүрөтчү Алексей Каменский менин досум болгондуктан, мен жакка Айтматов келет деп чакырган эле. Ошондо барып бир топ сүрөт тартып кеткем", - деген ал.
Манастын 1000 жылдыгына "Чыңгыз Айтматов жана анын жери" аттуу альбом чыгарган. Ал альбом даяр болгондо, сүрөтчү Жамбул Жумабаев Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова менен биргеликте жолугушуу өткөргөн кезде тартылган.
Бул сүрөттөр ал кездеги мамлекеттик кинематография комитетинин төрагасы Шаршен Усубалиевдин юбилейинде Мураке айылында тартылган. Айтматов Мария Айтматова жана эки баласы менен келген.
Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнатынан түз эфирди шилтеме аркылуу өтүп, көрсөңүз болот.




1 |