Депутат: "Жаңы жолдордун четтери жана тосмолору толук жасалбагандыктан авариялык кырдаалдар жаралууда"
20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жолдордун абалы жана жолдорду реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдарды ишке ашыруунун жүрүшү талкууга алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Талкуу маалында республикада курулуп жаткан жолдордун сапатын тыкыр көзөмөлдөө керектигине токтолгон комитеттин төрайымынын орун басары, депутат Тынчтыкбек Конушбаев насыялардын көпчүлүгү жол тармагын өнүктүрүүгө жумшалып жатканын белгилеп, Транспорт министрлигин алынган акчаларды натыйжалуу пайдаланууга чакырды.
"Маселен, ири насыялык долбоорлордун алкагында курулуп жаткан жаңы жолдор техникалык-экономикалык негиздемесинде камтылган тиешелүү тротуар, тосмо, байланыш чубалгылары жана башка инфратүзүмдөрү кошо курулбастан кабыл алынууда. Ал тургай, айдоочулар токтой тургандай ылайыкталып, жол четтери да жасалган эмес. Тилекке каршы, биздеги жолдордун четтеринде 40-50 сантиметрден да төмөн болгон аңдар бар. Кетип бара жаткан унаа кулап, кырсыкташы мүмкүн", - деди ал.


