super.kg logo

Улукбек Марипов Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

 

Премьер-министр Улукбек Марипов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына өзүнүн жана өкмөттүн атынан көңүл айтты.

Марипов Фейсбуктагы баракчасында белгилегендей, Мария Айтматова кыргыз адабиятынын "алтын" дооруна түздөн-түз тиешеси бар адамдардын бири болчу.

"Мария Урматовнанын жөнөкөйлүгүнө жараша Айтматовдордун үй-бүлөсүндө узак жылдар бою үй-бүлөлүк очогу кармалып, меймандостукка жана берекеге толуп турган. Кыргыз адабиятынын "алтын" дооруна түздөн-түз тиешеси бар, аттары дүйнөлүк тарыхка жазылып калган биздин замандаштарыбызды жакындан билген адамдар бизди таштап кетип жаткандыгы кайгылуу. Мария Урматовнанын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздүн тереңинде сакталат. Орду толгус жана мезгилсиз жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазды премьер-министр Улукбек Марипов .

Мария Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнатынан түз эфирди шилтеме аркылуу өтүп, көрсөңүз болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: