super.kg logo

Мамлекеттик бажы кызматы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат

 

Мамлекеттик бажы кызматы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришет.

"Белгисиз адамдар билим берүү мекемелеринин башчыларына телефон чалып, өздөрүн Мамлекеттик бажы кызматынын же Билим берүү министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, компьютердик жабдууларды жана колдоо көрсөтүү максатында бериле турган жаңы компьютерлер бар деп билдиришет. Алар компьютер чектелүү болгондуктан, белгилүү бир сумманы шашылыш түрдө атайын эсепке которуп, андан соң бажы кызматына келип, жабдыктарды алып кетүүнү суранышат.

Мамлекеттик бажы кызматы бардык жеке жана юридикалык жактарга мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырат жана алдамчылык фактысы аныкталса, укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайт.

Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматы ар кандай мамлекеттик мүлк бир мамлекеттик органдан экинчи органга мыйзамдарга ылайык, айрым процедураларды сактоо менен гана өткөрүлүп бере тургандыгын билдирет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: