Улуттук статистика комитети: "Өткөн жылы калктын миграциялык агымы 21 пайызга төмөндөдү"
2020-жылы калктын миграциялык агымы олуттуу төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы республикадагы миграциялык процесстер, мурдагыдай эле келгендердин санынан башка жакка туруктуу жашоо үчүн (же ал жакта узак мөөнөт жашоо үчүн) чыгып кеткендердин санынын ашыктыгы менен мүнөздөлдү.
2020-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн 1000ге жакын адам келген (2019-жылы - 1 400 адам), ал эми 5 миң 800 адам өлкөдөн чыгып кеткен (2019-жылы - 7 миң 600 адам ). Натыйжада, калктын миграциялык агымы (республикага келгендердин жана андан тышкары чыгып кеткендердин сандарынын ортосундагы айырма) 2019-жылы - 4 миң 800 адам болсо, 2020-жылы 6 миң 200 адамды түздү жана 21 пайызга төмөндөдү.
Мындан тышкары 2020-жылы туруктуу жашаган жерин алмаштыруу максатында Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары башка мамлекеттин аймагына чыгып кеткен жарандардын санынын кыскарганы белгиленди. Мурдагыдай эле мигранттар үчүн туруктуу жашаган жерин тандоо планында басымдуулук кылган мамлекеттер Орусия (65,1 пайыз) жана Казакстан (28,6 пайыз) саналат.


