"Азыр өлкөдө ар бир адам энергетик болуп калды" дейт энергетика министри
Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө.
Анын айтымында, учурда өлкөдөгү ар бир жаран энергетик болуп калды.
"Азыркы учурда өлкөдөгү ар бир адам энергетик болуп калды. Ошон үчүн дагы кайталайм. Урматтуу энергетиктер, азыркы тапта энергетика тармагында өтө оор абал пайда болду. Кандай себептен биз ушундай абалга келдик? Мунун себеби энергетиканын экономикасын саясаттык механизм менен алып карайлы деген саясатчылар ушуга алып келди. Биздин оюбузча, энергетиканын экономикасын мындай саясаттык механизм менен жөнгө салууга болбойт. Ошондуктан биздин бийлик тараптан ушундай сунуштар киргизилип жатат. Энергетиканын экономикасын тим коюп, экономиканын мыйзамдарына ылайык иш алып баралы. Биздин оюбузча, ушундай жол гана энергетиканын экономикасын саздан сууруп чыгара алат", - деп билдирди Кубанычбек Турдубаев.
Эске салсак, кечээ, 20-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы бааны сунуштаган. Анын сунушу көпчүлүк интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, нааразычылык жараткан.
"Биздегидей тариф дүйнөдө жок" дейт энергетика министри
