Электр энергиясынын оор акыбалга келишине ким күнөөлүү? Министрдин жообу
Бүгүн, 22-апрелде энергетика тармагын реформалоо маселелери жана электр энергиясына сунушталган жаңы тариф боюнча энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйын берүүдө.
Анда министрге "Садыр Жапаров өлкөдө электр энергиясынын оор акыбалга келишине аткаминерлер күнөөлүү экенин айтты. Ошондо чиновниктердин күнөөсүнөн эл зыян тартып жатабы?" деген суроо берилди.
"Өлкөдө электр энергиясынын оор акыбалга келишине ким күнөөлүү экенин аныктоо боюнча атайын органдар иштеп жатат. Алар күнөөлүүлөрдү аныктап, камакка алып, соту болгуча көп убакыт өтүп кетет. Ошондуктан биз аларды күтпөстөн, тиешелүү чараларды кабыл алышыбыз керек", - деп жооп берди министр.
"Биздегидей тариф дүйнөдө жок" дейт энергетика министри
Автор: Азат Бейшенбеков
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.