Чек ара: Кемпир-Абад суу сактагычына Кыргыз жарандары түнөп жатат (видео)





Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразы болгондор суу сактагычтын жанына боз үй тигип, түнөп жатышат. Мындай маалыматты суу сактагычта жүргөндөр социалдык тармактарга жүктөдү.
"Кемпир-Абаддын жээгинде балдар түнөп жатышат. Желектерди илип, унаалар дагы келип жатат", - деди суу сактагычтын берилишине нааразы болгон активист.
Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.
Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.
Кемпир-Абадга митингге чыккандар түнөп жатышат





1 |