super.kg logo

Жалал-Абадда 4 жоокер чек аранын ордуна "стоянка тазалап" жүрөт деген видео боюнча ОИИБ маалымат таратты

 

Тик-Ток социалдык тармагынын колдонуучусу жеке баракчасына Жалал-Абад шаарында 4 жоокер чек аранын ордуна "стоянка тазалап" жүргөндүгүн билдирген. "Биз эмнеге салык төлөп, эмнеге буларды багып жүрөбүз? Мага айткылачы жообун” деп сөз сүйлөп, 25 секундалык видео жайгаштырган.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан төмөнкүчө маалымат таратышты.

"Кыргыз Республикасында жоокерлер бир топ багыттарда кызмат өтөшөт жана ар бир бөлүктүн өзүнө бекитилген тапшырмалары бар. Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлердин №704 аскер бөлүгү жайгашкан. Алардын кызмат кылуудагы негизги багыттарынын бири коомдук тартипти камсыздоо болуп эсептелет. Ал эми чек араны болсо чек ара кызматынын жоокерлери мамлекеттин сырткы душмандарынан коргоп, чек аранын бүтүндүгүн сактоо багытында кызмат өтөшөт.

Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук тартипти камсыздоо, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында “Укук-тартип” профилактикалык иш-чарасы жүргүзүлүп жатат. Ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери Жалал-Абад ШИИБдин жана “Шумкар” атайын полкунун кызматкерлери менен биргеликте коюлган тапшырмаларды аткарышууда", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
23.04.2021. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Төө десе бээ деп жооп бериптир го.
23.04.2021. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
futboler,ички иштер министрилигинин жоокерлери шаардагы баш адамандыыкты карайт корунгон жерге токтоткон машинелерди айдатып жатат ал эми чек араны болсо погран войска чек ара аскерлери карайт солдаттаржын баары эле чек араны коруйт эмес деп айткан сен озун тушунбой калгансын го
23.04.2021. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эле кылып жатат солдаттар тазалаш керек машинелерди туура эмес койуп койгон айдоочуларга бул солдаттар мамлекеттин ар кандай ички ишине жардам бергенге укуктуу ал эми чек араны кайтаруу чек ара войскасы бар ар бир нерсени өзүнүн войскасы бар да кичине бир нерсени түшүнүп анан чыгарса ошол тарткан адамды машинесин койдурбай койгону үчүн тарткан да чмо десе малчасынан тушунбой
23.04.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Стоянка тазалап десе,стоянканы тазалап шыпырып жургон окшойт депмин.Мына видеону киргизген автор служба кылбаган бир кок мээ окшойт.Ким чек араны карайт,ким ички тартипти карайт,ким кутуусуз кырдаалга жооп берет-деген нерсени тушунбогондон кийин пок барбы видеого тартып чыгарып?Мындай ою кыскаларга форма кийген адам болсо болду солдат болуп чек арада туруш керек!
Dembele84 түзөттү 2021-04-23 15:04:39
23.04.2021. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу кантип болсун телефонум бар деп эле тарта береби мендагы ойлоптурмүн прям шыпырып жүрөтко савок кармап деп.видеого тарткан адам кичине өзүндү даарылатып анан кичине жок дегенде биринчи класска окуп койчу.сураныч.
23.04.2021. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул чала сапат өзүн блогер сезгендер күйгүздү.
24.04.2021. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армияга барып кызмат отобогон, тушунугу ноль адам экенсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: