Бишкекте Эрик Гурландын сүрөт көргөзмөсү өтүүдө
Француз фото-сүрөтчү Эрик Гурлан сүйлөп жатат.


Француз фото-сүрөтчү Эрик Гурлан сүйлөп жатат.

Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр.

Көргөзмөнүн ачылышынын лентасы кесилип жатат.


Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев сүрөттөрдү көрүп жаткан учуру.




Абактагылардын сүрөттөрүнүн эң оргиналдуусу.

Сүрөттөр менен таанышып жатышат.

Ачылыштын көрүүчүлөрү.

КР акыйкатчысы Бакыт Аманбаев
Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 18-октябрь күнү француз фото-сүрөтчүсү Эрик Гурландын "Ички жагынан кароо: Кыргызстандагы абактагылардын жашоосу" аттуу көргөзмөсү ачылды. Сүрөтчү Кыргызстандын балдар, аялдар жана эки эркектер отурган колонияларын кыдырган. Гурлан сүрөттөрдө алардын жана ал жакта иштеп жаткандардын жашоосун жана эмоцияларын ачып бергенге аракет кылган. Көргөзмө октябрь айынын аягына чейин уланат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев: "Абакта бардык эле жерлерде жашоо шарт сүрөт көргөзмөсүндөгүдөй эмес, оңдоолор болуп жатат. Бул жерде тарбиялык маңызда колдонсо болот. Бирок түрмөнүн бүт акыбалын чагылдыра алган жок деп эсептейм"-дейт. Көргөзмө 1-ноябрга чейин уланат.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Фото: Жылдыз Джускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.