super.kg logo

"Абийириңер менен ишиңерди алып баргыла". Садыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

 
Бүгүн, 23-апрелде президент Садыр Жапаров 31-мартта курамы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда биринчи кезектеги максаттардын бири - конституциялык түзүлүштүн негиздеринин кол тийбестигин камсыздай алган, мыйзамдуулукту жана өлкө жарандарынын укугун коргой ала турган күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү болуп саналат.
Садыр Жапаров 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы, сот органдары өздөрүнүн эң негизги милдеттерин - мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча милдеттерин толук аткарбай келгенине токтолду.
"Мындай абалдан тез аранын ичинде чыгышыбыз зарыл, анткени сот иштериндеги негативдүү тенденциялар жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине жана жалпы улуттук коопсуздугуна залал келтирбей койбойт", - деди президент.
Ал жалпы сот тутумунун ишине таасир этүүчү негизги факторлордун бири - бул сотторду тандоо процесси болуп жатканын кошумчалады.
"Аны кескин түрдө жакшыртуу керек. Соттук кызматка компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору, турмуштук тажрыйбасы мол, аброю кынтыксыз, кесипкөй адамдар тандалууга тийиш. Ошондуктан сиздердин алдыңыздарда өтө жооптуу милдеттер турат", - деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мурдагы курамына карата коомчулук тарабынан көптөгөн сын-пикирлер болгонун эске салды.
"Сиздер андай сындарга кабылбаңыздар жана таза болуңуздар. Сотторду тандоо процессин бизнеске айландырбай, ар бириңер жеке жоопкерчилигиңерди күчөтүп, абийириңер менен ишиңерди алып баргыла. Бул менин мамлекет башчысы катары сиздерге койгон талабым. Коомчулук дагы сиздерден ошону күтөт", - деди президент.
Президент Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамынын алдында чоң миссия - көз каранды эмес, чыныгы адилеттүү сот бийлигин түзүүгө реалдуу салым кошуу миссиясы турганын өзгөчө белгиледи.
Ошондуктан Садыр Жапаров аларды сот бийлигинин өнүгүү тарыхында калуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү азыркы милдеттери жана артыкчылыктуу пландары жөнүндө айтып беришти. Кыска убакыт берилгенине карабастан, жогорку квалификациялуу, адилет сот бийлигин калыптандыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганын баса белгилешти.
Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жүргүзүлөт. Ал түзүлгөнгө чейин бул функцияны аткаруу Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан улантылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээй булар да далайды жейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: