Бир жыл аралыгында уй этине болгон баа 89 сомго, кой этине болгон баа 101 сомго өстү
Өлкөдө эттин чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп 89 сомго жогорулады. Мындай маалымат Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө айтылат.
Аталган комитет республиканын 18 калктуу конушу боюнча социалдык маанилүү азык-түлүктүн орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, 22-апрелге карата уй этине болгон баалар республика боюнча орточо 450 сом 31 тыйынды түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89 сом 11 тыйынга же дээрлик 25 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ал эми кой этинин баасы 449 сом 67 тыйынды түздү же 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү.
1 килограмм уй этине болгон баа Нарында 460 сом, Жалал-Абадда 458 сом 56 тыйын, Кербенде 454 сом 97 тыйын, Бишкекте 454 сом болсо, Исфана шаарында 409 сом 88 сомтыйын, Покровка айылында 420 сом, Баткен жана Ноокатта 430 сом экени аныкталды.
1 килограмм койдун этине карата чекене баалар Жалал-Абад жана Исфанада 500 сом, Баткенде 489 сом 90 тыйын, Кара-Сууда 470 сом, ал эми Каракол шаарында жана Покровка айылында 420 сом, Кара-Балтада 439 сом 92 тыйынды түздү.
22-апрелге карата Кыргыз Республикасы боюнча эттин орточо керектөөчү баалары
Уйдун эти |
Четтөө: өсүүсү (+), төмөндөөсү (-) |
Койдун эти |
Четтөө: өсүүсү (+), төмөндөөсү (-) |
|||
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
|||
Кыргыз Республикасы |
361,20 |
450,31 |
89,11 |
348,60 |
449,67 |
101,07 |
Каракол шаары |
350,00 |
437,48 |
87,48 |
307,39 |
420,00 |
112,61 |
Балыкчы шаары |
370,00 |
450,00 |
80,00 |
360,00 |
440,00 |
80,00 |
Кербен шаары |
350,00 |
454,97 |
104,97 |
350,00 |
454,97 |
104,97 |
Токтогул шаары |
350,00 |
440,00 |
90,00 |
350,00 |
440,00 |
90,00 |
Жалал-Абад шаары |
360,00 |
458,56 |
98,56 |
360,00 |
500,00 |
140,00 |
Чаек айылы, Жумгал району |
350,00 |
450,00 |
100,00 |
350,00 |
446,64 |
96,64 |
Нарын шаары |
360,00 |
460,00 |
100,00 |
360,00 |
455,97 |
95,97 |
Исфана шаары |
334,96 |
409,88 |
74,92 |
350,00 |
500,00 |
150,00 |
Баткен шаары |
350,00 |
430,00 |
80,00 |
350,00 |
489,90 |
139,90 |
Кара-Суу шаары |
360,00 |
450,00 |
90,00 |
360,00 |
470,00 |
110,00 |
Ноокат шаары |
330,00 |
430,00 |
100,00 |
350,00 |
450,00 |
100,00 |
Өзгөн шаары |
350,00 |
450,00 |
100,00 |
360,00 |
460,00 |
100,00 |
Покровка айылы, Манас району |
330,00 |
420,00 |
90,00 |
330,00 |
420,00 |
90,00 |
Талас шаары |
359,94 |
447,26 |
87,32 |
353,98 |
440,00 |
86,02 |
Кара-Балта |
343,20 |
436,64 |
93,44 |
343,20 |
439,92 |
96,72 |
Токмок шаары |
345,00 |
440,00 |
95,00 |
332,47 |
440,00 |
107,53 |
Бишкек шаары |
366,86 |
454,00 |
87,14 |
347,90 |
443,10 |
95,20 |
Ош шаары |
362,47 |
452,48 |
90,01 |
364,97 |
457,43 |
92,46 |


