Уу коргошунга ууланган 3 бейтап ооруканадан чыгарылды
20-апрелде уу коргошундан (аконит) үч адам ууланган. Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптар залалдуу шишик дарты менен ооруп жаткандыктан үч жылдан бери уу коргошун ичип келе жатышканын билдирген.
Бүгүнкү күндө Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жаткан бейтаптар тиешелүү дарылануудан кийин ооруканадан чыгарылды. Аталган бейтапкананын маалымат кызматынан билдиришкендей, 21-апрелде аялы менен күйөөсү, 22-апрелде үчүнчү бейтап чыгарылды.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдар сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видео тиркелген.
16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.
20-апрелде 3 бейтап оор абалда ооруканага түшкөнү, алар уу коргошунга ууланганы маалымдалган.


