super.kg logo

Коронавируска каршы вакцина алгандардын 200дөн ашыгы экинчи жолу эмделди

 

Бир суткада коронавируска каршы эмдөөнү 1 миң 407 адам алды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, вакцина алгандардын арасында экинчи жолку эмдөөдөн өткөндөр бар.

Белгилүү болгондой, соңку суткада экинчи жолку эмдөөнү 98 жаран алды. Өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны жалпы 14 миң 861 болсо, анын 276сы экинчи ирет вакцина алышты.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары – 1 миң 567;
Ош шаары – 1 миң 385;
Чүй облусу – 1 миң 627;
Ош облусу - 4 миң 463;
Ысык-Көл облусу - 1 миң 201;
Талас облусу - 534;
Нарын облусу - 638;
Жалал-Абад облусу - 2 миң 665;
Баткен облусу - 781.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: