Караколдо балдар үйүнүн тарбиялануучусу сүрөт көргөзмөсүн өткөрөт
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 20-октябрдан 3-ноябрга чейин биринчи жолу балдар үйүнүн тарбиялануучусу Азамат Умаров сүрөт көргөзмөсүн өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка ылайык көргөзмө "Менин периштем бол" аттуу жылда өткөрүлүүчү акциянын алкагында өтөт. Жаңы жылга жакын "Балдар балдарга жардам беришет" программасынын алкагында тарбиялануучулар кыял-тилектерин кат аркылуу жазышып, ал сайттарга жайгаштырылат. "Бардык кыргызстандыктар балдар үчүн белек берип, "периште" боло алат" дейт уюштуруучулар.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.