super.kg logo

БШК Илим Карыпбеков жетектеген КЭДП партиясын шайлоодон чететтүү маселесин колдоду

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилишин колдоду. Чечим кечээ, 23-апрелде кабыл алынган.

БШКнын 11 мүчөсүнүн экөө гана каршы добуш берсе, калгандары партияны жарыштан четтетүү чечимин колдошкон.

18-апрелде Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилген.

Партиянын лидери Илим Карыпбеков бул чечим негизсиз экенин SUPER.KG порталына билдирди. "Мындай чечимге биз каршыбыз. Себеби Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы социалдык тармактарда чыккан ушак видеолорду негиздеп чечим чыгарышты. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылабыз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: