super.kg logo

"Курулуш материалын кайтармак". Баткен ОИИБи Тажикстандын жоокерлери алып кетти делген эки бала боюнча билдирүү таратты

 

Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тараган. Дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин энеси Махабат Ашрапова SUPER.KG порталына балдарынын жоголушу боюнча билдирген.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө дайынсыз болуп жаткан эки бала курулуш жүрүп жаткан жердин курулуш материалдарын кайтармак.

"2021-жылдын апрель айынын башынан бери Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылынын түштүк тарабында тигүү цехи салынып жаткан. Бул аймак Тажик Республикасынын Б.Гафуров районуна жакын жайгашкан.

Лейлек районунун Эски-Оочу айылынын тургундары 2002-жылы туулган Ашрапов Дастан Абибиллаевич жана 2000-жылы туулган Каныбек уулу Кубатбек курулуш иштерин жүргүзүп, 2021-жылдын 23-апрель күнү саат 22:00 чамасында курулуш материалдарын коруп жатуу максатында курулуш болуп жаткан жерге келип түнөшкөн. 2021-жылдын 24-апрель күнү эртең мененки тамактанууга Ашрапов Дастанбек менен Каныбек уулу Кубатбек үйлөрүнө барган эмес.

Бул факты Лейлек РИИБинин материалдардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Дайынсыз жоголгон эки жаран боюнча багыттамалар түзүлүп, издөө иштери уланууда", - деп билдирди Баткен ОИИБи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.04.2021. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Эски Оочу айылы десеңер АШАга окшотуп урдура бербей.
24.04.2021. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапжаш чырактай жигиттер экен, эсен эле болушса экен, кудай озун сактай кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: