super.kg logo

Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 85 жашында каза болду

 

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев 85 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Мындай маалыматты Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бексултан Жакиев кыргыз маданиятынын патриархы, улут маданиятынын доору, бүтүндөй бир доор арабыздан акыретке жол алды. Кыргыз улуттук адабиятына титандык эмгек жасаган, улуттун уңгу жүзү, улуттун рух уңгусу Бексултан агайбызды арабыздан жоготуп алып, арманыбыз көкүрөккө батпай турат. Доор - адамды, адам - доорду жаратат. Бексултан агай улуттук кайра жаралуунун доору эле. Кыргыз театрынын Бакайы, дайыма жашоосунда күрөшчүл рухту туу кылып жашап өттү. Мыкты чыгармаларды жаратты. Улут театрын бийик деңгээлге көтөрдү.

Мекенчилдик, чынчылдык, калыстык, акыйкаттуулук анын адамдык жашоосу эле. Жарандык сезими, руху бийик инсан катары улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү сактоодо опол тоодой эмгек кылды. Кайран агайыбыз сөздүн чыныгы маанисинде баатырдык өмүр сүрдү, бирок чындыгынан жанган жок. Биз дайыма агайдын акыл кебине, улуулук насаатына конок берип өстүк. Артынан шакирттерди калтырды, узанган чулу оюн ар бир адам жүрөгүндө калтырды. Бүгүн биз кыргыз легендасын акыркы сапарга узатканы турабыз. Чыныгы легендага айланган инсан өмүрү түбөлүктүү! Кош, агайым, устатым, улуу устат!", - деп жазды ал.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бексултан Жакиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.04.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз элинде жасаган иштери менен озунун салмактуу орду бар дагы бир залкарыбыздан айрылдык. Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун. Тынч уктаныз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: