85 жаш курагында каза болгон Бексултан Жакиевдин өмүр баяны, наамдары
Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Эл баатыры, Эл жазуучусу, драматургу Бексултан Жакиевдин 85 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы боюнча суук кабар тарады. Мындан улам SUPER.KG порталы улуу жазуучунун өмүр баянын, жетишкен ийгиликтерин тизмектеди.
Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
Билими.
1958-жылы Кыргыз мамлекеттик филология факультетин аяктаган. Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков анын курсташтары;
1962-жылы Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган.
Эмгек жолу:
1963-1968-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында редактор;
1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
1972-1975-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
1988-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
1992-1993-жылы "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
1994-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.
Чыгармалары.
Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.
Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.
Сыйлыктары.
1974 — Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери;
1989 — Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси;
1993 — Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
1994 — Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты;
1999 — Казакстандын Астана медалы менен сыйланган;
Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Эл баатыры ыйгарылган.


