Ошто ордо боюнча өлкө чемпиондугу өтүп, Ош шаары 2-орунду алды




21-апрелден 23-апрелге чейин Ош шаарында улуттук оюн Ордо боюнча республикалык чемпиондук уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке жалпысынан жети облустан, Ош жана Бишкек шаарларынан келген 9 команда катышкан.
Биринчи орунду Талас облусу багындырса, экинчини Ош шаарынын курама командасы жеңди. Ал эми үчүнчү орунду Бишкек, төртүнчү орунду Ысык-Көл облусунун командалары алды.
Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышып, Кыргыз Республикасынын Ордо боюнча федерациясы дипломдорду тапшырды. Ордо боюнча чемпиондук Ош шаарында алгачкы ирет өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.