Кемпир-Абад: Камчыбек Ташиев Өзгөн эли менен жолукту



Бүгүн, 25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилиши боюнча түшүндүрмө берүүдө.
"Кемпир-Абад суу сактагычынын эсебинен биз Өзбекстандан 8 миң гектар жер алдык. Эмне үчүн аны алдык? Себеби Кемпир-Абадды куруу маалында Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүндө чоң келишим болгон. Ошол келишимдин бирөөсү Кемпир-Абаддын сол жагынан Өзбекстан канал куруп, биринчи 22 гектар, кийинки келишимде 8 миң гектар жерге суу чыгарып беришмек болгон. Бирок бул аткарылган эмес. Ушул талапты коюп биз аткартып жатабыз", - деди Ташиев.
Ташиевдин айтымында, өзбек тарап канал куруп берүүгө макул болгон. Бирок учурда каналдын кереги жок болгондугуна байланыштуу 8 миң гектар жер бере турган болду.






1 |