super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Чечме булагын азырынча чогуу колдонобуз"

 

Бүгүн, 25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча Өзбекстан менен кабыл алган чечимдер боюнча маалымат берүүдө.

Анда Камчыбек Ташиев Чечме булагы боюнча түшүндүрмө берди.

"Чечме боюнча, былтыр Чечме булагында жаңжал чыгып, эл кагылышкан. Чечмени мен барып көрдүм. Чечме 2 сотых жерде турат экен. Чечмеден чыккан суунун 80 пайызы Өзбекстанга агып кетет экен. Бул 2 эле сотых жер. Бирок анын баалуулугу Чечменин тегерегинде ата-бабаларыбыздын мүрзөсү бар экен. Булак кылымдардан бери бизге карап келген. Акыркы 20-30-жылда Чечменин тегерегин башка өлкөнүн жарандары ээлеп алышыптыр. Ошондуктан алар дагы сурады, биз дагы сурадык. Чечме боюнча бир чечимге келе алган жокпуз. Бирок акыркы маалдарда, буюрса, Чечмени чечебиз деген үмүт пайда болду. Чечмени азырынча чогуу колдонобуз деп гана калтырып койдук", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: