Кемпир-Абад боюнча чогулгандар арасында чыккан чыр-чатак боюнча Ош ОИИБи маалымат таратты
Кечээ, 25-апрель күнү саат 12:00 чамаларында Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын борбордук стадионунда “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуусу болгон.
Жолугушуунун башталышына аз калганда, тактап айтканда, 11:45 чамасында стадиондо чыр-чатак чыгып мушташуу болду деген маалыматтар социалдык тармактарда кеңири тараган. Окуянын чоо-жайы териштирилгенин Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"Өзгөн РИИБи бул маалыматты маалыматтардын электрондук журналына каттап, окуяны териштирген. Анда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынын 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургуну менен Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын 1985-жылы туулган тургуну У.М. өз ара пикир-келишпектиктен уруша кетишкен. Ал жерде экөөнү Өзгөн РИИБинин милиция кызматкерлери ажыратып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бири-бирине арыз доосу жоктугуна байланыштуу коё берилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.




1 |