25-апрелден 27-апрелге чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү күтүлөт
25-апрелден 27-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунда, Чапчыма ашуусунда, Кара-Буура ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, Нарын облусунун Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында жана Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу, Талдык ашуусунда, ошондой эле Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


