super.kg logo

Эл жазуучусу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты опера жана балет театрында өтөт

 

Бүгүн, 26-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук Жазуучулар союзунан билдиришти.

Алардын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 11.00дө башталат.

Бексултан Жакиев 86 жаш курагында коронавирустан көз жумган.

Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Билими:

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик филология факультетин аяктаган. Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков анын курсташтары;
1962-жылы Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган.
Эмгек жолу:

1963-1968-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында редактор;
1968-1972-жылы Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
1972-1975-жылы Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
1988-1992-жылы КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
1992-1993-жылы "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
1994-2000-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.
Чыгармалары:

Жакиев коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Сыйлыктары:

1974-жылы Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери;
1989-жылы Кыргыз Республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси;
1993-жылы Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы "Манас" ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
1994-жылы Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты;
1999-жылы Казакстандын Астана медалы менен сыйланган;
Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Эл Баатыры ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: