super.kg logo

Бишкекте коронавирустан үй шартында 80 адам дарыланууда

 

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 138 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

"Бүгүн, 26-апрелде бир сутканын ичинде коронавирус оорусу 138 адамдан аныкталды. Анын ичинен лабораториялык жол менен тастыкталгандар 95, клиник-эпидемиологиялык пневмония 43. 138 адамдын ичинен башка региондордон келип, Бишкек шаарына каттоого алынгандар 15, Бишкек шаарынын тургундарынын арасында 123 учур катталды.

Ленин району боюнча 41, Биринчи Май району боюнча 25, Октябрь району боюнча 27, Свердлов району боюнча 30. Клиникалык симптомдор менен кайрылгандардын саны 124, клиникалык симптомдору жок кайрылгандардын саны 14. Бир сутканын ичинде ооруканага жаткырылгандардын саны 58, амбулатордук түрдө үй шартында дарыланып жаткандардын саны 80", - деп билдирди Рыскулбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: