super.kg logo

Тышкы иштер министринин орун басары Иран Ислам Республикасынын элчиси Саид Харазини кабыл алды

 

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү Тышкы иштер министринин орун басары Иран Ислам Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Иран кызматташтыгына байланыштуу суроолордун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакын арада эки борбордун ортосунда түз авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты.

Эки тараптуу мамилелер системасындагы биргелешкен Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн белгилеп, тараптар Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга түрткү берүүчү атайын биргелешкен комитет түзүү маселесин талкуулашты.

Ирандын элчиси тышкы иштер министринин орун басары Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: