super.kg logo

Кайрат Иманалиев: "Бексултан Жакиев карылыкка дагы, касиетке да жеткен нарктуу, барктуу инсан эле"

 

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев сөз сүйлөдү.

"Калың кыргыз кайгырып, элибиздин Бакайдай баркы бар, Кошойдой наркы бар кутман карыясы Кыргыз Республикасынын баатыры, Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар калемгер, залкар драматург Бексултан Жакиев агайыбыз күтүүсүздөн элибизди кайгыга салып, 85 жаш курагында акка моюн сунду.

Бексултан Жакиев улутка кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн, карылыкка дагы, касиетке да жеткен нарктуу, барктуу инсан эле. Ал 1936-жылы 16-январда көгүлтүр Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келип, Тоң жергесинин кадырлуу ак сакалдарынын бири эле. Абийир атанын тарбиясын алып, жаштайынан атуулдуктун сезимин боюна сиңирип улутубуздун чыгаан инсандарынын бири катарында калыптанган.

Бексултан Жакиев кыргыз адабиятына өтө жаш кезинде келген. Студент кезинде эле драмалык кружокторду уюштуруп, кыргыз театр искусствосуно болгон өзүнүн шыгын, сүйүүсүн көрсөткөн. Жыйырмадан жаңы ашканда "Атанын тагдыры" деген драмасы менен калың кыргызга аттын кашкасындай таанылып, ал чыгарманы сахнанын алпы Муратбек Рыскулов ойноп, Бексултан Жакиевдин драматургдук алгачкы жолу шыдыр башталган", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: