"Массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөө, келерки аптада кошумча стационарларды ачуу зарыл" дейт Артём Новиков
Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын алкагында өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медицина кызматкерлери менен камсыздалышы боюнча актуалдуу маселелер, СOVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.
"Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы аптада өзгөрдү. Биз күнүнө COVID-19га чалдыккандардын саны 400гө жетип жаткан учурга кабылдык.
Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Бардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. Бейтаптардын саны Бишкек шаарында өсүп жатканы байкалууда, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатуу, кошумча медициналык "Тез жардам" кызматтарын ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл", - деди биринчи вице-премьер-министр.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Муфтиятка намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштайт. Ошондой эле театр, кинотеатрлардын толтурулушу 50 пайыздан ашпастыгын тыкыр көзөмөлдөө жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл. Бул чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу зарыл болууда.
Артём Новиков белгилегендей, COVID-19 илдетин алдын алууга жана тобокелдик тобундагыларды вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Абал күн сайын көзөмөлдө болушу керек.
Штаб жыйынынын соңунда COVID-19га кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, коргоо каражаттары жана кычкылтек берүү тутуму менен камсыздалышын мониторингдөө жана контролдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


