super.kg logo

Улукбек Марипов: "Биз кыргыздын залкары, баатырынан ажырап отурабыз"

 

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат.

Анда премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн атынан кыргыз элине, Бексултан Жакиевдин жакын туугандарына көңүл айтып, сөз сүйлөдү.

"Бүгүнкү күндө кыргыз эли кайгырып турган кези. Биз чындыгында улуу атабыз, кыргыздын залкары, кыргыздын баатырынан ажырап отурабыз. Бул эми Кудайдын иши экен. Мен жакында эле телефондон сүйлөштүм эле буга чейин да өзүнүн кеп-кеңешин айтып, ушундай өзүнүн жакшы мүнөзү менен кыргыздын бир чыгаан мырзасы катары дагы абдан улуу киши эле. Чыгармачылык жагынан мына азыр бир топ жакшы, улуу сөздөр айтылды. Бул кылымдын драматургу. Кино драматургу катары дагы артында өзү өтсө дагы бир топ эмгектери калды. Атабыздын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун. Жакындарына, үй-бүлөсүнө сабыр тилейбиз", - деди Марипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: