Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдумга добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдумга добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
25-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек АШКна түшкөн бардык арыздарды жана даттанууларды караган жыйынтыктоочу жыйын өткөрдү. Жыйындын акырында Бишкек шаарынын шайлоо участкаларындагы Кыргыз Республикасынын референдумуна добуш берүүлөрдүн корутундусун бекитти. Бишкектеги шайлоо участкаларында добуш берген шайлоочулардын саны 130 миң 215 болду, алардын ичинен 78 миң 854 шайлоочу “макул” деп добуш берсе, 46 миң 996 шайлоочу “каршы” добуш берген. Мындан тышкары Кыргыз мамлекетинин чегинен тышкары добуш берген шайлоочулардын саны 3 миң 168 болсо, алардын 2 миң 484 “макул”, 668и “каршы” добуш берген.


