Борбордо Чернобыль кырсыгынын 35 жылдыгы белгиленди







Бүгүн Бишкектеги Ю.Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын эл аралык эскерүү күнүнө арналган иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары курман болгондордун элесин бир мүнөткө тыныгуу менен эскеришип, Чернобыль курмандыктарынын эстелигине гүл коюшту. Быйыл Чернобыль атомдук электр станциясындагы авария жоюлганына 35 жыл толду.
Учурда Бишкек шаарында Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 259 катышуучусу жана алардын жесирлери жашашат, анын ичинен 183 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 60 катышуучулардын жесирлери, 16сы кырсыктын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкандар.
"Жеңилдиктерди оптималдаштыруу жана даректүүлүктү күчөтүү максатында 2010-жылдын 1-январынан баштап республикалык бюджеттин эсебинен Чернобыль атомдук электр станциясына катышкан Советтик Армиянын майыптарына, Чернобыль АЭСинин майыптарына, Чернобыль атом электр станциясынын катышуучуларына жана Чернобыль АЭСиндеги жесирлерге ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бул категориядагы жарандарга жыл сайын даректүү социалдык жардамдын жана жеңилдиктердин төмөнкү түрлөрү берилип келет: телефон үчүн абоненттик төлөмгө 100 пайыз жеңилдиктер, квартал сайын 500 сом өлчөмүндө стипендия, Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын катышуучуларынын жесирлерине 3 миң сом өлчөмүндө, балдар үчүн жаңы жылдык белектер, ошондой эле ЧАЭС күнүнө карата жесирлерге 8 миң сом, катышуучуларга жана майыптарга 5 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку жөлөк пул берилет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.