Чек ара чыры. Ала-Бука эли Камчыбек Ташиевге нааразычылыктарын айтышты



УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-апрелде Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сабырбек Сейдакмат уулу SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, айыл тургундары Гавасай участогунун бир бөлүгүн Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы.
"Бизге белгилүү болгондой, чек араны тактоодо 19 миң 200 гектар жердин 8200 гектары Өзбекстанга өтүп жатат. Биз каршыбыз. Бул жер өтүп кетсе, адамдар кайда жашашат? Эмне үчүн Кыргыз өлкөсүнүн бийлиги өз жерлерин коргой албайт”, - деди Сейдакмат уулу.
Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары 50 гектар жердин берилишине каршы болушкан, андан кийин Өзгөндүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча митингге чыгышкан. Камчыбек Ташиев митингчилер менен жолугушуп, 2021-жылдын март айында Өзбекстан менен кол коюлган протоколду кайра карап чыгууга убада берген.






1 |