super.kg logo

НДПК партиясы БШКнын чечимине каршы сотко арыз даярдап жатат

 

НДПК партиясы БШКнын чечимине каршы сотко арыз даярдап жатат. Бул тууралуу саясий партиянын лидери Илим Карыпбековго байланышканыбызда белгилүү болду.

Анын айтымында, БШК үч күндүн ичинде партиянын арызын карашы керек болчу.

"Негизи бүгүн акыркы күн, биз буга чейин күттүк. Мындан улам сотко кайрылууга туура келди. Кечке чейин жооп алсак алдык, болбосо чыныгы кайрылууга туура келет, бизде арыз даяр", - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-апрелдеги жыйында НДПК партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Анда мекеме партия добуш сатып алган деген негизди жүйөө келтирген.

11-апрелде Кыргыз өлкөсү 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия, Ошко төрт партия алдыга озуп чыккан.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: