super.kg logo

Кыргыз тарап Лейлекте уурдалган эки жаран боюнча Тажикстанга нота тапшырды

 

Бүгүн, 26-апрелде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Тышкы иштер министрлиги тарабынан Тажикстандын элчисине Баткен облусунун Лейлек районундагы Кыргыз өлкөсүнүн 2 жаранын уурдоого байланыштуу укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусу жөнүндө нота берилген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экендигин белгилеген.

"Кыргыз тарабы болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.

Ниязалиев учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нугунда диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керектигин баса белгиледи.

Кыргыз тарап мурдагыдай эле тажик тарап менен биргеликте чек ара аймактарында Кыргыз өлкөсү жана Тажикстан боордош элдеринин көп жылдык руханий жана маданий мамилелеринин тарыхына негизделген ынак коңшулукту, туруктуулукту жана достукту камсыздоого багытталган шарттарды түзүүгө даяр экендигин Ниязалиев белгилеп өттү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.04.2021. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нотаңарды алып бир жерин арчып койот, жакшы жооп келбейт өздөрү күнөөлү деп жооп берет же жазаланат деп койот калп эле.
27.04.2021. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Моюнга алыш керек. Нотаңарды Тажик бийлиги уруп да ойнобойт.
27.04.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А биздикилер ошондой кылганда,тажик тарап нота жоноткон болсо,ага кылмыш ишин козгоп,жумуштан алып даже камаганга чейин бармак,коркок бийлик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: