super.kg logo

Ноокенде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга байланыштуу жыйын өттү

 

Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан райондук мамлекеттик администрациянын, социалдык коргоо башкармалыгынын, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин, орто мектептердин социалдык педагогдорунун, айыл өкмөттөрдөгү социалдык адистердин, аялдар кеңешинин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарада өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук, никеге туруу максатында кыз ала качуу жана бул жосундар боюнча жоопкерчилик маселелери каралган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда көрсөтүлгөн укукка жат аракеттерге карата күрөшүүнүн көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланган.

"Жолугуунун жыйынтыгы менен үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга район аймагында психологиялык консультация алууга, убактылуу жашап турууга мүмкүн болгон кризистик борбор ачуу жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар берилди", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: