super.kg logo

Тышкы иштер министринин орун басары Пакистандын элчиси менен жолугушту

 

26-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий байланыштарды андан ары жандандыруу жана активдештирүү үчүн Тышкы иштер министрликтери менен эки мамлекеттин жетекчилигинин ортосундагы иш сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Министрликтер аралык кезектеги консультацияларды, ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү. Мындан тышкары Кыргыз мамлекетинин ачык деңизге чыгуу үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдалануу келечегин жана "CASA-1000" долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулашты.

Пакистандын элчиси Тарик Хан министрдин орун басары Айбек Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: