super.kg logo

Башкы прокурор үй-бүлө курууга мыйзам жана салт тоскоол болбошу керектигин айтат

 
Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзам жана салт үй-бүлө курууга тоскоол болбошу керек дейт. Бул туурасында ал жазык-укуктук системаны реформалоо боюнча жумушчу топтун отурумунда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Отурумда башкы прокурор өлкөбүздө жарандар салт боюнча менталитетке жараша никелешип, мыйзам талаптарын эске албастан үй-бүлө курган учурлар кездешерине токтолду.
"Эгер 17 жашар кыз төрөп, үй-бүлө куруп, жолдошу менен жашап калса, тергөө анын жолдошунун аракетине юридикалык баа берет. Бул аракет үчүн 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мындай учурларда улуттук менталитет менен салтты эске алуу зарыл деп эсептейм", - деди ал.
Башкы прокуратурадан билдиргендей, Курманкул Зулушевдин жогорудагы сөздөрү айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан туура эмес интерпретацияланып калган.
"Айтылган ойду жашы жете электерге карата жасалган жыныстык мамилени чечүүнүн мүмкүнчүлүгү катары көрсөтүшкөн. Өз сөзүндө башкы прокурор жасалган кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигинин болбой койбостук принцибинен баш тартууну эмес, жазанын катаалдыгы боюнча пикирин билдирген.
Башкы прокуратура маалыматтардын туура эмес жеткирилиши коомчулуктун арасында түшүнбөстүктү жаратып, мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүн дискредитациялоого алып келерин маалымдайт", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: