super.kg logo

Ош шаарында калемгерлерге мастер-класстар өтүлөт

 

Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекова, акын Калчоро Көкүлов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков 3 күн бою Ош шаарында калемгерлерге мастер-класс өтүшөт.

Бул иш-чара КРУЖС Ош бөлүмү, Ош шаардык мэриясы, “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору тарабынан Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлүп жаткан поэзия күндөрүнүн алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунан кабарлашты.

3 күн бою өтө турган ыр майрамга Бишкек шаарынан жыйырмага жакын жаш таланттар келип катышууда. Бул саамалык акын Улукбек Омокеевдин демилгеси жана КРУЖС Ош облустук бөлүмүнө төрага болуп шайлангандагы алгачкы иш-чарасы. Поэзия кечелердин, окуу-семинар, мастер-класстардын жүрүшү тууралуу алдыда дагы кенен маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: