Жогорку Кеңештин комитети саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордун кароо маселесин парламент отурумуна алып чыгуу чечимин кабыл алды
Кечээ, 26-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматын укмак.
Бирок комитет отурумуна чакырылган саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин келе албай калгандыгына байланыштуу бул теманы депутаттардын сунуш, пикирлерин эске алып жалпы жыйынга алып чыгуу бүтүмүнө келишти.
Талкууда депутат Улукбек Ормонов азыркы кооптуулуугу күч алып жаткан пандемияга каршы керектүү дары каражаттарынын жоктугун айтып, жабыркагандарга сырттан дары издеген убаракерчиликтер түйшүккө салгандыгын айтты.
Депутат Бактыбек Райымкулов ортого салган пикиринде пандемиянын шартында кызыл зонада иштеген дарыгерлердин компенсацияларын төлөөнү кечиктирбөө зарылчылыгын белгиледи.
Талкуу жыйынтыгында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо маселесин парламент отурумуна алып чыгуу боюнча комитеттин чечими кабыл алынды.
