super.kg logo

Улуттук статистика комитети: "Өлкөдө уйдун эти 450 сом 31 тыйынды түздү"

 

Өлкөдө 22-апрелге карата уйдун эти 450 сом 31 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторинг жүргүздү.

22-апрелге карата уйдун этине болгон баалар республика боюнча орточо 450 сом 31 тыйынды түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 89 сом 11 тыйын же дээрлик 25 пайызга өскөнүн көрсөттү. Ал эми койдун этинин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша, 449 сом 67 тыйынды түздү же 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга өстү.

Уйдун этине болгон баалар аймактарда:

  • Нарын (килограммы үчүн 460,00 сом);
  • Жалал-Абад (килограммы үчүн 458,56 сом);
  • Кербен (килограммы үчүн 454,97 сом);
  • Бишкек (килограммы үчүн 454,00 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар түзүлдү.

Ал эми аларга карата минималдуу баалар:

  • Исфана шаарында (килограммы үчүн 409 сом 88 тыйын);
  • Покровка айылында (килограммы үчүн 420 сом);
  • Баткен жана Ноокат (килограммы үчүн 430 сом) шаарларында катталды.

Койдун этине карата чекене баалар:

  • Жалал-Абад жана Исфана (килограммы үчүн 500 сом);
  • Баткен (килограммы үчүн 489 сом 90 тыйын);
  • Кара-Суу (килограммы үчүн 470 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору өстү.

Ал эми ага карата минималдуу баалар:

  • Каракол шаарында жана Покровка айылында (килограммы үчүн 420 сом);
  • Кара-Балта (килограммы үчүн 439 сом 92 тыйын) шаарында байкалды.

Уйдун этине болгон баанын өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу эң жогору Ноокат, Кербен, Өзгөн шаарларында жана Чаек айылында - 1,3 эсеге өсүшү катталды. Ал эми койдун этине болгон баалар Исфана, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында - 1,4 эсеге өстү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: